super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлигине Атамбаевдин ден соолугун кароодон өткөрүү боюнча кат жөнөтүлөрү айтылды

 

Бүгүн, 18-январда Биринчи Май райондук сотунда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге карата соттук териштирүү иши улантылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүнкү соттук отурумда жактоочу Замир Жоошев жазык ишинин айыпталуучу Алмазбек Атамбаевге карата бөлүгүн өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө өтүнүч келтирди.

Судья сот отурумунун катышуучуларынын пикирлерин угуп, аталган өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды.

Андан сырткары айыпталуучу Атамбаевден анын ооруп жаткандыгы жана жазык ишин анын катышуусусуз кароо мүмкүнчүлүгү жөнүндө арыз келип түштү. Тараптардын ойлорун угуп бүткөн соң айыпталуучунун жоктугуна байланыштуу соттук отурум 2021-жылдын 3-февралына саат 14:00гө жылдырылды" , - деп жазылат маалыматта.

Ал эми жактоочу Замир Жоошев төмөндөгүдөй маалымат берди.

"Ишти карап жаткан судья Азирет Медеров Саламаттыкты сактоо министрлигине Атамбаевдин ден соолугу боюнча кат жөнөтөрүн айтты. Анда Алмазбек Атамбаевди ден соолугу боюнча кароодон өткөрүп, эмне оорулар менен жабыркап жатканын аныктоо тапшырылат. Ошондой эле кандайдыр бир илдеттен жабыркап жатканы аныкталса, ал абалда соттук териштирүүгө катышуу мүмкүнчүлүгү каралат", - дейт жактоочу.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев өтүп жаткан 3 иш бар. Алар: Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин жер тилкелери боюнча бардык иштер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.01.2021. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олбойт, октябрь айында аянта бир жакшына оорубай эле жургон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: