super.kg logo

Кыргыз мамлекетинде бут кийимдерди маркировкалоо үчүн коддор бериле баштады

 

Кыргыз Республикасы өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын атынан улуттук операторлорунун кызматташтыгын камсыздаган, өлкөдөгү товарларга белги басуу жана белги басылууну көзөмөлдөөчү улуттук тутумдун операторлору – «Альфа Телеком» ЖАКсы менен биргеликте 2021-жылдын 4-январынан тартып ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасында алгачкылардан болуп Россия Федерациясынын бут кийим продукциясын жеткирүүчүлөр үчүн Россия Федерациясынын маалымат тутуму тарабынан түзүлгөн товардык белгилөө коддорун бере баштады.

Маркировканы кантип алса болот?

Россия Федерациясына бут кийим жеткирүүчүлөр бут кийим товарларын ташып иштегендер эн белгилөө коддорун берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча этикеткалоо оператору менен келишим түзгөнгө чейин GS1 Kyrgyzstan предметтик номерлөө ассоциациясына кириши керек. Эн белги басуу боюнча операторлор менен келишим түзүү үчүн төмөнкү даректерде жайгашкан Тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл: Бишкек шаары, Сүйүмбаев көчөсү, 123.

Келишим түзүлгөндөн кийин бут кийим товарларын жеткирүүчү адамга системге кирүүгө жетки берилет. Мындай мүмкүнчүлүк товарды маркировкалоого коддорду буйрутма берүүгө, аларды каттап жана жөнөтүүгө жол ачат.

ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ! Азыркы учурда «Альфа Телеком» ЖАКсы Россия Федерациясында милдеттүү түрдө эн белги басууга тийиш болгон башка товардык топтор үчүн маркалоо коддорун берүүнү баштоо боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө.

Коддун баасы канча?

Россия Федерациясында маркировкалоо кодунун баасы РФ өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-майындагы №577 токтому менен бекитилген жана КНСти эсепке албаганда 50 тыйын.
Товарларды маркировкалоо боюнча кошумча маалыматтарды «Текшер» системинин расмий сайтынан алсаңыздар болот.О шондой эле 0 999 333 999 номери иштейт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: