super.kg logo

Чүй ОИИББ: "Жалпы баасы 94 миң сомду түзгөн курулуш материалдарын уурдоого шектүү жарандар кармалды"

 

Жайыл районунда уурулукка шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өткөн жылдын сентябрь айында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 68 жаштагы Ж.Т. аттуу жергиликтүү жашоочу уурулукка шектүү жарандарга карата чара көрүүнү суранып, арыз менен кайрылган. Анын үйүнө белгисиз жарандар кирип, короосундагы курулуш материалдарын уурдап кетишкен. Келтирилген материалдык чыгым 94 миң сомду түзгөн.

"Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында Жайыл районунун милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелишип, 20 жаштагы А.Э., Р.А. жана 21 жаштагы С.И., М.С. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: