super.kg logo

"Биринчи эле жубайым куттуктады" дейт 36 жашка толгон ырчы Аскат Мусабеков

 

Ырчы, аткаруучу Аскат Мусабеков бүгүн, 20-январда 36 жашка толду. Аны куттуктап байланышканыбызда туулган күндүн шаңы 20-январга караган түнү эле башталганын белгиледи.

"Сааттын жебеси түнкү 12ни какканда эле жубайым Миргүл куттуктады. Бул күндү үй-бүлөмдүн, жакындарымдын, досторумдун курчоосунда өткөрөм", - дейт ырчы.

Аскат Мусабеков Ат-Башынын Ак-Моюн айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө 1985-жылы туулган. Беш бир туугандын ортончусу.

Анын аткаруусундагы "Аруузатым", "Сүйүү дастаны", "Жамила", "Шириним", "Кара кыз" жана башка ырлар, дастандар элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. Мусабековдун аткаруусундагы "Аруузатым" чыгармасы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ыры" деп табылган.

2020-жылы июнь айында ырчы Миргүл Асаналиевага баш кошкон.

Аскат Мусабеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси, эл аралык бир канча сынактардын жеңүүчүсү, "Алтын Шаты" президенттик сыйлыгынын ээси.

20-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: