super.kg logo

Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Ооруканаларга жумшалган каражаттар боюнча толук отчет берилбей калганы айтылды

 

Бүгүн, 20-январда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков коронавирус инфекциясынын биринчи толкуну маалында мамлекеттик, муниципалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын жасаган иштеринин эффективдүүлүгүн, ошондой эле финансылык, гранттык каражаттарды, гуманитардык жардамдарды рационалдуу пайдалануу маселеси боюнча ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын маалыматтын укту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта жумушчу комиссия мүчөлөрү тарабынан өлкөгө келген медициналык, гуманитардык жардамды кабыл алуу жана эсепке алуу боюнча ачык-айкын жана так системдин болбогондугу тууралуу тыянак чыгарылганы айтылат.

"Өлкөгө берилген жардам тууралуу маалымат менен ооруканаларга түшкөн жардам тууралуу маалымат экөөнүн ортосунда айырмачылыктар чыккан фактылар аныкталган. Мындан тышкары пандемияда, багыты өзгөртүлгөн ооруканалар жана "Семетей" госпиталына жумшалган финансалык каражаттар боюнча мамлекеттик органдар тарабынан толук кандуу отчет берилген эмес. Жыйындын соңунда ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан берилген фактыларды талкуулоо үчүн өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кароосуна жана коомго жарыялоо боюнча сунуш киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине комиссия тарабынан жүргүзүлгөн анализдин жана сунуштамалардын негизинде саламаттыкты сактоо системиндеги кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын планын даярдап чыгуу тапшырмасы берилгени маалымдалат.

Белгилей кетүүчү нерсе, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамына медициналык кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү жана жарандык активисттер менен көз карандысыз эксперттер кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.01.2021. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми тактап жазалаш керек даагы тааныш болуп кетпей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: