super.kg logo

Нурлан Насиптин кайненеси: "Күйөө баламдын баштаган иши майлуу, сүттүү болсун!"

 

Бүгүн, 20-январда Нурлан Насип ресторанынын салтанаттуу ачылышын жасап, ага ырчынын үй-бүлөсү, жакындары, достору келишти.

Салтанатка келген Асел Кадырбекованын апасы Дилбар Монокбаева күйөө баласы менен кызынын иш баштап жатканына кубанып жатканын айтат.

"Албетте, бул күйөө балам менен кызымдын наны. Нурландын биринчи баштаган иши майлуу, сүттүү болсун. Ырчылык деле убактылуу да, жеке ишкерлик дагы кылыш керек. Азыр баары эле ошентип калбадыбы", - деди.

Асел Кадырбекованын апасы буга чейин кызынын сулуулук салонун иштетип келген. Учурда салонду жапканы белгилүү болду. "Кызым кырсыкка кабылгандан кийин салонду иштетип жаткам. Стоматологиядагы ишти токтотком. Сулуулук салонду жаап, кайра стоматологияны иштетип баштадым".

Ошондой эле Асел айым Түркия мамлекетине дарыланууга жолдошу жана кызы менен барарын айтты. "Асел кырсыктагандан кийин неберем дагы стресс болду. Азыр бир кадам жылдырбай, апасынын бети, колун өпкүлөп жанынан чыкпайт", - деп кошумчалады Дилбар айым.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(1)
21.01.2021. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуп кетсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: