super.kg logo

Кайрат Примбердиев жаңы чыгарманын үстүндө иштеп жатат. "Клипти мамлекеттик каналдарга чыгарууга аракет кылам" дейт ал

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев жаңы ыр жаздырып, клип тарттыруунун үстүндө иштеп жатат. Ырчы чыгарма даяр болсо мамлекеттик делинген каналдардан, радиолордон уктуруп, көрсөтүүгө аракет кыларын жазып чыкты.

Жогорудагы билдирүү боюнча Кайрат мырзага байланышып, ырларын уктурууга тыюу салынганбы, жокпу билүүгө аракет кылдык.

"Кайдыгер караба" аталышындагы ырды жаздырып баштадым. 2-3 күндөн кийин клип тартып баштайбыз. Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков оозеки түрдө ырларымды уктурууга тыюу салабыз деп, кийинчерээк, "Марал" радиосу уктурбай турганын айткан. Расмий тыюу болгон эмес. Билбейм эми ырларымды уктурабы же жокпу. Министр менен жолуккандан кийин ойлонушса керек", - деди ал.

Буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу программасына конок катары катышкан Кайрат Примбердиевди "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу боюнча сунушту президенттик аппаратка расмий жөнөткөн.

Президенттик аппаратка караштуу сыйлыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы министрликтин сунушун канааттандырган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
22.01.2021. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт
Пендебиз
Сабак болду ойлонуп жур мындан кийин
Унун жакшы
22.01.2021. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыбалын ошол экен го чычкак негизи начар адам экенсиңер Кайрат менен чокой
22.01.2021. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишине ийгилик Кайрат. Онуго бер. Артка эмес, алдыга гана жыла бер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: