Бакиев 21 миллион, Отунбаева 10 миллион сом... Башка президенттердин ант берүү аземине канча каражат жумшалган?
Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун ант берүү аземине 10 миллион сом коротуу пландалганы белгилүү болду.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, алгач иш-чарага 15 миллион сом бөлүү каралган. Бирок, аталган сумма кыскартылып, 10 миллион сомго түшүрүлгөн.
Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташы Адинай Марипова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жаңы шайланган өлкө башчысы инаугурацияга 10 миллион сом сарпталышына жана жолдордун жабылышына каршы экендигин жазып чыкты.
Мындай маалымат социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк интернет колдонуучулары пандемия шартында чоң суммада акча каражатын сарптоо ылайыксыз экенин белгилеп, каршылыгын билдиришүүдө. Буга байланыштуу, SUPER.KG порталы мурдагы президенттердин ант берүү аземине канча каражат сарпталганын ачык булактардан иликтеп көрдү.
Сооронбай Жээнбеков
2017-жылдын 24-октябрында президенттик кызматка киришип, туптуура 3 жыл иштеген Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө өткөн.
Алгач 13 миллион 100 миң сом сарпталарын ошол кездеги Каржы министри Адылбек Касымалиев айткан. Мындан улам жарандык активисттер мынчалык чыгашанын кимге кереги бар, ошол миллиондор жол коопсуздугун жөнгө салууга, балдардын ден соолугуна кам көрүүгө, билим берүүгө жумшалса болбойбу деп, бийликти ашкере ысырапкорчулук үчүн сындай башташкан.
Президенттик аппарат “инаугурациянын чыгымы тактала элек, 13,1 миллион сом бюджетте алдын-ала каралган сумма” деп тактоо берүүгө аргасыз болгон. Жыйынтыгында аталган сумма дээрлик 5 миллионго кыскарып, президенттик кызматка киришүү салтанатына 8 миллион 404 миң 248 сом акча каражаты сарпталган.
Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү салтанаты 2011-жылдын 1-декабрында өткөн. Ал Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ант берип, Роза Отунбаевадан бийликти өткөрүп алган.
Түркиянын, Грузиянын президенттери, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан өлкөлөрүнүн премьер-министрлери конок катары катышкан ант берүү аземине 10 миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталган.
Роза Отунбаева
Кыргыз өлкөсүнүн гана эмес, Борбор Азиянын тарыхында эң алгачкы аял президент болуп калган Роза Отунбаеванын ант берүү аземи 2010-жылдын 3-июлунда өткөн. Отунбаеванын инаугурациясы да Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп, аны уюштурууга 10 миллион сомго жакын каражат кеткен.
Курманбек Бакиев
Кыргыз өлкөсүндө 2005-жылдын 10-июлундагы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев жеңишке жетишип, өлкөнүн экинчи президенти катары тарыхта калган. Анын ант берүү аземи 2005-жылы 14-августта борбордук "Ала-Тоо" аянтында өткөн. Миңдеген көрүүчүнүн алдында ант берген Бакиевдин кызматка киришүү салтанатына мамлекеттик казынадан 21 миллион сом каражат керектелген.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы бешинчи президенттик кызматка киришүү аземи 2009-жылы 2-августта өткөн. Анда экинчи жолу президенттик шайлоого аттанып жеңишке жетишкен Курманбек Бакиев ант берген. Бул иш-чара өкмөт үйүндө уюштурулуп, 20 миллионго жакын акча коротулган.
Аскар Акаев
Кыргыз өлкөсүнүн тунгуч президенти Аскар Акаевдин биринчи ант берүү аземи 1991-жылы декабрдын башында болгон. Салтанат Ак Үйдө парламенттик сессияда өткөн. 1995-жылдын 24-декабрында Акаев экинчи ирет өлкө башчысы болуп шайланган. Андан кийинки шайлоо 2000-жылы 29-октябрда өтүп, кайрадан Аскар Акаев жеңишке жетишкен. Ал эл алдында 2000-жылдын 9-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ант берген. Акаевдин инаугурацияларына канча каражат сарпталганы тууралуу маалыматты ачык булактардан табууга мүмкүн болгон жок.
"Вице-мэр шаардык таштандыга жумшалган каражат боюнча прокуратурага арыз жазды"


Ак Уйдон снайпер менен элди кырганы эсиндеби. Жэ калп жинди болуп жатасынбы