super.kg logo

Вице-мэр: "Шаардык таштанды полигонундагы 250 чарчы метр болгон кеңсе 329 миң еврого курулган"

 

Бишкек шаардык таштанды полигонуна бөлүнгөн каражат боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу вице-мэр бүгүн, 22-январда өткөн пресс-турда билдирди.

Жамалбек Ырсалиевдин айтымында, шаардык санитардык таштанды полигонун рекультивация (жер кыртышын калыбына келтирүү) кылуу үчүн жалпысынан 22 миллион евро бөлүнгөн.

"Буга чейин бул таштанды полигонунда ар дайым өрт болуп, андан чоң түтүн чыгып турчу. Бүгүнкү күндө ал түтүн өчүрүлдү. Европалык банктан 22 миллион евро бөлүнгөн. Анын жарымы грант, жарымы насыя түрүндө келген. Бул жакта кеңсе боло турчу имараттын аянты 250 чарчы метр. Ал 329 миң еврого салынган. А негизи бул кеңсе 40-50 миң долларга эле курулмак. Бишкектин борборунан дагы мындай баадагы курулушту таппайсыз. Келишим түзүлгөндөн кийин жаңы полигон куруу үчүн тендерди эстондук компания утуп алган. Бул кеңсени ошолор курду. Алар ишин соңуна чыкканга чейин күтүп жатабыз. Пандемияга байланыштуу Эстонияга кетишкен. Чек ара ачылбай келе албай жатышат. Чыгымдалган каражат боюнча Башкы прокуратурага арыз жаздым. Себеби акчалар жөн эле асманга кетип жатат", - деди вице-мэр.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы санитардык таштанды полигонун рекультивациялоо жана анын жанына техникалык, санитардык стандарттарга туура келген жаңы полигон куруу боюнча долбоор 2011-жылы даярдалып баштаган. Буга байланыштуу 2013-жылы "Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы" менен насыя бөлүп берүү боюнча келишим түзүлүп кол коюлган. Бирок келишим 2015-жылы гана ратификацияланган. Банк тарабынан 22 миллион евро бөлүнгөнү, анын 11 миллион евросу грант, калганы насыя түрүндө келгени маалым.






"Вице-мэр шаардык таштандыга жумшалган каражат боюнча прокуратурага арыз жазды"

Автор: Бактыгүл Султаналиева
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
23.01.2021. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
20-30% жеседа майли эле,, жегендер чыгарсын эми кайрадан
23.01.2021. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
329000€*104=34216000 Кыргызстан жакында оңолот
23.01.2021. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Здания эскиии эле таштанды короо экен, айнектери вопше козду алат, эн жогорку стандарт молодец. Кыргызстан точно жакында онугот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: