super.kg logo

"Буларга ызы-чуу гана керек". Самара Каримова окуу жайдын директорлугунан баш тартарын айтты

 

2 күндөн бери Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жанында ырчы Самара Каримованын директор болуп дайындалышына каршы акция өтүп жатат.

Нааразычылыктарга карата Самара Каримова билдирүү жасап, окуу жайдын директорлугунан баш тартарын айтты.

"Акыркы күндөрү мага жана менин атыма байланышкан бир канча окуяларга күбө болдуңуздар. Мындан эки жыл мурда мыйзамдуу дайындалган кызматымдан укугум одоно бузулуп, шагым катуу сынган. Бул менин намысым, ден соолугум жана жакындарым үчүн өтө катуу муш болгон. Ошол укугумду коргоп, канча убакыт соттошуп дайындалган ишиме кайтып барып, эл-жериме, кыргыз маданиятына ак дилимден кызмат кылгым келген. Кудайга шүгүр, сотто жеңип чыгып чындык мен тарапта экенин далилдедим. Кудай алдында, мыйзам алдында ак экенимди далилдедим.

Кызматыма кайрадан киришип музыкалык окуу жайды аз убакытта өнүктүрүп-өстүрүүгө ак ниеттен бел байладым эле. Бирок окуу жайдын эмгек жамааты буга макул болбоду. Аларды адилеттүү башчы, ак кызмат өтөгөн ишмер болууга убада берип, ынандырууга аракет кылдым. Мурунку директордун 100 түрлүү сүйлөгөнү, кубулганы, 5-6 адамдын басымы менен эмгек жамаатта "аба ырайы" өзгөрүп турат экен. Ойлонуп көрсөм, булар өнүгүүнү каалабайт экен. Ушул жашоосуна, күнү өтүп жатканына ыраазы экен. Сыртта 21-кылым экени ойлонтуп дагы койбойт. "Болбогонго болушпа" дегендей, ушуларга кетире турган кайран күчүм, идеям, дараметим дедим. Жашоодо мен көп сыноолорду жон-терим менен сезип, тике карап жеңип келгем. Бул көрүнүштү да Аллахым берген дагы бир сыноо дедим. "Алтын эшик жабылса, күмүш эшик ачылат". Жашоо улана берет. Чалындым, бирок жыгылган жокмун!

Жумушумду баштап, элибизге мыкты жыйынтыкты көрсөтөм деп позициямда катуу турдум. Бирок, мунумду көпчүлүк түшүнө албады. Мурунку директордун жакындары тааныш журналисттерине тынбай чалып, чакырып, "келгиле, Самара дагы келди, интервью алгыла" деп жаткандарын өз көзүм менен көрүп турдум.
Анын үстүнө, батыштын акчасын жеген журналисттер күнү-түнү ошол жатаканада жашап эле калышты. Окуяны бир тараптуу чагылдырып жатышты. Провокация кылып, тукуруп, алардын боё сезимдерин пайдаланышты. Ошол эле журналисттерге канча жетишкендеримди, Кремлде,Ташкентте дүңгүрөтүп жеке концерт бергенимде, жалынып, суранып да ийгиликтеримди маалымат катары чыгара алган эмесмин.

Буларга ызы-чуу гана керек. Окуу жайдын келечегин, өнүгүүсүн, студенттердин, мугалимдердин тагдырын "уруп" да ойнобойт. Эртең мен кетсем, карап турсаңыздар, кадам басып койбойт ал жерге.
Эли-журтумдун ак батасын албай кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санаалаштар менен кеңешип, чечим кабыл алдым - мен окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартам.
Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм.

Чындап ак дилимден кызмат кылып берсем дегем. Ошол оюм менен кылган аракетим аркылуу кимди капа кылып алсам, кечирим сурайм. Мыйзамды сыйлаган айрым таза адамдар да мен үчүн катуу сындарды, ачуу кептерди угуп калышты. Алардан да чын жүрөктөн кечирим сурайм. Пенде болгон соң ак-кара ортосунда жүрөт экенбиз. Билип-билбей кылган күнөөм үчүн Жараткандан да кечирим сурайм.
Менин ар намысымды тебелеп, акараат келтиргендерге да таарынычым жок. Аларды да кечирем. Туура жыйынтык чыгарууга аракет кылам. Эл-журтума колдон келген ак кызматымды арнай берем.
Мени колдоп, жылуу пикир айткан замандаштарыма, күйөрмандарыма элибиз сыйлаган аттуу-баштуу ага-эжелериме терең ыраазымын. Сиздерден Алла ыраазы болсун".






Президенттердин ант берүү аземдерине канча каражат сарпталган?

Автор: Гүлдана Мамадали кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(39)
22.01.2021. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+44
Тойгон жерден кыз алсан тойгон сайын кулпунат. Тойбогон жерден кыз алсан, тойгозгон сайын жулкунат. Асандын шорун шорподой эле катырып атыры бул катыны
22.01.2021. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
erkeleim,туптуура
22.01.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Самара Самара ырдап эле журо бербедин да кадыр баркынды кетирбей, кааап....
22.01.2021. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-35
Ozgocho111,
Кадыр баркы жоктор деле кызматтарды ээлеп олтурушпайбы. Бул жерде жаман прецедент болуп калды. Эртен жаштар кызматка келсе ушинтип топ адамдар иштетпей салышат. Самараны Жараткан Тенирим колдосо мыкты ийгилике жетишет. Самаранын кадыр баркы экообуздон бир кыйла ойдо. Жамандай бербей кыз кишини колдойлук.
22.01.2021. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Janyl98,тенирин экоон колдой бергиле кудайдын куну коп.
22.01.2021. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Janyl98,Тенирин экоон жалынсан деле коллектив кабыл алган жок. Ар кандай жумушка майда тепкичтен мээнет кылыш керек.
22.01.2021. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Janyl98,сен колдой бер
22.01.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Мына бул башка кеп сүйбөгөнгө сүйкөнбө Кудайым ар пендесине берээр ырыскысын унутпасын өлкөбүздө тынчтык бакубат бардар жашоо болсун
22.01.2021. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Сага ийгилик. Шагынды сындырба. Сендей мыкты, келбетүү кыздар коп болсун. Сени байкасам лидер болгонду жактырат экенсин. Бул жагынан сени колдойм. Азыр музыкалык окуу жайда анчейин деле чон акчалар жугурбойт. Андыктан ырчылыкты уланта бер. Озгочо чачынды кое берип, жасанып алсан абдан келбеттуу болуп каласын. Элим кыз кишини да колдогонду уйронолук. Ошондой ан сезимге жетелик. Сен кызсын, унчукпа, "башына жоолук оронуп алып уйдо оокат кыл, эркеке баш ийип жур" - деген ан сезимден кутул
erik3 түзөттү 2021-01-22 14:44:31
22.01.2021. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
erik3,- басам деп + басылып кетти. Сен кыздарынды кочого чачын жайдырып лямка мини юбка мн чыгара бер, сени колдойт сендей тушунуктуулор
22.01.2021. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Zumrudianka,
Кыздардын татынакай, сулуу болуп жургону эмнеси жаман. Чачтарын кое берип, жасанып журуу кыздар учун эн керектуу жөрөлгө.
22.01.2021. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кудайга шугур!!! Ушунча ызы чуусу жок эле кетип калсан болмок, биринчи барган кунун эле, эжелер айтканда уялып. Бетинди асылтырып кандай адам экенинди коргозуп койдун! А баса айта кетейин арызынды озун каалоон мн жазбай жаздырышты десен!!! Аттан тушсон да ээринен тушо элек турбайсынбы!!!
22.01.2021. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Баааашында эле ойлонбодун да ошол кадамыны. Туштон кийин жетти да сага, бир кун иштебей туруп кантип жетектейсин карындашым? Бир кун иштебей дейм да, 2018-жылы бир кун илтегенсин а адашпасам? Только жетекчи болом дейт экенсин да озу. Сулайман-Тоону самадын эле ал жактан дагы жолун болбоду эле. Эми Ошко мер болом дебесен болду.
22.01.2021. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhaynak
22.01.2021. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Мансапкор экени корунуп эле турат, директорду кое туруп, катардагы мугалим болуп корбейби.Анан жамааттын конулун тапса оздору эле которуп алмак.Баш тарттым дейт, аргасыздан баш тартты.
22.01.2021. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Ким туура же ката кылганын буюрса убакыт отуп, Аллахым озу далилдейт, азыркы ажылдаган онугууну каалабаган мугалим чон энелер туура кылдыбы??же жокпу али коро жатаарбыз
22.01.2021. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ырдап эле жүрөбер.Бардык нерсенин убакты сааты болот!
22.01.2021. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Ушунчалык дем менен барган адам намыс учун гулдотуп коймок. Мумкунчулук бериш керек болчу. Жакшы идеясы бар адам жаныча иш кылмак. Мейли эми, башкысы бул окуя ага чон ийгилик жаратууга трамплин болсун.
22.01.2021. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
alirun,мээсинде бир нерсе болсо гүлдөтөбү акчага китепти сатып алса болот бирок акылды эмес Бул жер сауна эмес да билими жоктор башчы болгудай
22.01.2021. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Баш тарткан жок кабыл албай коюшту.
Эми башка мекемелердин директорлору, өзүңөргө сак эшик-кулпуңарга бек болгула.3жолу директордон алып коюшту,укугумду тебелешти деп байкатпай басып кирбесин.
22.01.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-25
Самара сен капа болбо,ал окуу жайда ырчы чоорчулар окубайт окшойт замандан артта калган түшүнүгү жок малчы койчумандар окуса керек.Сага ийгилик
22.01.2021. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Болду эми Самаш,кыжы болбо.Сен иштебей уйдо эле балдарынды карап олтурсан болот.Асан озу иштеп баксын силерди.
22.01.2021. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Душкага окшоп креслого бир урунуп көрөйнчү депсиңда э карындаш
22.01.2021. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Иши кылып башка жагына барып жетекчи болом деп давление кылба да,ырдап журо бер кадырынды кетирип алдында шордуу квз.Сыноону сен озун сурап алып атасында ар жерге жетекчи болом деп.
22.01.2021. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайсы бирине ишенели мурунку директор бир сүйлөсө жамандабайм деп бул Самара жамандап ийдиго аны.Чырыңар ушул м.н бүтсүнчү сураныч.Тынч эле болгулачы жүгүргөндүкү эмес буйругандыкы дейт.Бул мансап дагы бир адамдын башында турса керек.
22.01.2021. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Сага эле ким батасын бере каласын сутунер.
22.01.2021. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Snare,кайнененин камырынан дегин))))
Сутенёр экени айдан ачык
22.01.2021. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Самара, жакшысы өзүн инвестор таап 100 дой студент окуган музыкалык окуу жайы ач. Анан конкурстардан студенттерин алдыда болсо, анда жакшы.
22.01.2021. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Эми туугандар Новиков деген советник министр экономики болгондо тополону жок эле отурдунар! Анан эми кыргыздын бир кызы кичинекей бир училищага директор болсо баарын ошону эле коруп калдынар. Эми мынтип премьер кылып отурабыз баарыбыз бир ооздон колдой калып. Кичине ойлонолуда!
22.01.2021. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
2 жыл мурда шагың сынса , эми шагыңы майдалап түбү менен жок кылып алдыңго.
Mustafo түзөттү 2021-01-22 16:02:55
22.01.2021. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кашыктап жыйнаган абийриңди чакалап төгүп алдың Самаш , ишенбесең жакында концерт кой мурдагы күйөрмандарыңын жарымын таппайсың.
22.01.2021. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Mustafo,ошолордун жарымы кайненесинин кыздары эле да, Кызыл алмадагы))))
22.01.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Тошогуно карап бутунду сун деген макал туура да Самара,билимине жараша жумуш карасан болмок,баары эле сага А[moderated] эмес да!!!
22.01.2021. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Акесине окшоп уйкусуз тундор отуптур,коздор киртейип.ар кимдин ашы алдында Самара,ансыз деле башка тараптан онуктуро бер,ошол жерге директор болбой туруп спонсор бол
22.01.2021. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акча намысты деле жок кылып койот окшойт бай жашоону каалап чалга аяш атасына тийди, Сулайман тоого кызыкты эми бул. Дагы жакшы мугалимдер катуу турушту болбосо башы жетпесе да креслодо отуруп башкаруучу болууну каалады эле. Тообо кылдым байлык коздун чел кабыгын жаап алган окшойт. Самара элге обычный ырчы болуп деле жардамыны берсен болот созсуз директор болуп эмес
22.01.2021. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Самара чынында элге олкого жардам бергин келсе директор болбой эле жардам берсен болот эл Корсун дебей акыретке деп жардам Бер акыретте пайдасы сообу тиет эл жаамат кабыл албаса кандай отурасын ал жакта
23.01.2021. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тооба кылдым, бирок ажап кылышыптыр мугалимдер. Сутенер болсо, ошол жерден жаш кыздарды табам саунама деди окшойтта. Чон ###### келсе директорлукка, каяктан онутурот эле
23.01.2021. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
27 де мугалим болуп иштеп баштасаң, 40 та буюрса директорлукка жетишесиң. А[moderated] колдонсо, андан деле эрте жетип калышың мүмкүн.
23.01.2021. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында мээнетти кылып директор болсо анан сага эмне айдан тушкондой кылып эле кармата салышсынбы. Ар ким озу учун кыйын озу учун жакшы адам а бирок эл тараза делет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: