Укук коргоочу Нурбек Токтакунов акыйкатчыны шайлоо баш аламан жол менен өткөнүн айтат
Акыйкатчылыкка талапкерлигин койгон укук коргоочу Нурбек Токтакунов акыйкатчыны шайлоо баш аламан өткөнүн бүгүн, 7-октябрда маалымат жыйында билдирди. Айтымында, парламенттин негизги катачылыгы - шайлоо эрежелерин алдын ала сүйлөшүп албагандыгы. “Шайлоо акыйкатчы тууралуу мыйзамга же Жогорку Кеңештин регламентине ылайык өткөрүлгөнү түшүнүксүз болду. Талапкерлерге программасы тууралуу айтып берсин деп 3 мүнөттөн беришти. Бирок депутаттар үчүн биздин программаны угуу кызыксыз болду, көбү зал аралап басып жүрүштү”,- дейт Токтакунов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

