super.kg logo

Жалал-Абад облусунда бир аптада 31 мас айдоочу кармалды

 

Жалал-Абад облусунда бир аптада 31 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында 16-январдан 22-январга чейинки бир жума аралыгында жалпы 1174 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.

Анын ичинен 31 айдоочу унааларын мас абалында, 362 айдоочу катуу ылдамдыкта, 9 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 772 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.

Жалпы 135 унаа атайын айып короого коюлду. Анын ичинен 55 унаа эвакуатор аркылуу болсо 37 автоунаа тиешелүү документтери жок болгондугуна байланыштуу айып төлөөчү жайга токтотулду. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жол кыймылынын эрежелерин так сактап жүрүүлөрү керектигин эскертишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: