Каракол шаарындагы митингчилердин алдына облус башчы Эмил Каптагаев чыкты
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында митинг уланууда. "Кумтөр" маселесин айтып Саруу айылында топтолгондор менен Ак-Суу районунан облус борборуна келишип, микрокредиттик уюмдарга нааразы болгон топ биригип кетти. Алардын алдына облус башчы Эмил Каптагаев чыгып суроо-талаптарын угууда. Азырынча "Кумтөр" боюнча сөз боло элек. Чогулгандар Каптагаевге микрокредиттик уюмдарды жабуу, алардын жетекчилери менен сүйлөштүрүү талаптарын коюшууда. Митингчилердин саны 200дөй.
Автор: Жанат Туратбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

