super.kg logo

6 жыл аралыгында Кыргызстандын газ тармагына 28 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылды

 

2014-2020-жылдар аралыгында Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүү жана жаңыртуу үчүн 28 миллиард сомдон ашык инвестиция жумшады. Бул тууралуу маалымат жыйында "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, газ менен камсыздоо тармактарын реконструкциялоо жана куруу боюнча инвестициялык программасына 20 миллиард сомдон ашык каражат жумшалган. Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнө жумшалган каражат 8 миллиард сомду түзөт. Анын 3 миллиард 2 миллион сому "Кыргызгаз" ААКсынын карызын төлөгөнгө багытталган.

"Компания мамлекеттин бюджетине салык жана башка төлөмдөр түрүндө 600 миллион сомдон ашык каражатты төлөдү. 5 миңден ашык жумушчу орундары түзүлдү. 2014-жылдан баштап жалпы узундугу 875 чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү тармактарын курдук, анын жыйынтыгында 38 калктуу пункттар газдаштырылды. Экологиялык жактан таза отунга кошулууга 200 миңден ашык кыргызстандыктар мүмкүнчүлүк алышты", - деп билдирди Арзымат Алдаяров.

Ошондой эле жаратылыш газын колдонуу көлөмү жети жылда 210 миллион куб метрден 280 миллион куб метрге чейин жетти, өсүш 70 миллион куб метрди түздү.

2021-жылы "Газпром Кыргызстан" компаниясы "Алтын-Ордо", "Рухий Мурас" жана "Көк Жар" жаңы конуштарын газдаштырууну пландап жатат, мындан тышкары Кант шаарындагы газ бөлүштүрүүчү станциясын реконструкциялоо боюнча иштери дагы каралган.

Компания республиканын газдаштыруу деңгээлин жогорулатуу максатында жыл сайын 150-200 чакырым газ түтүктөрүн курууну пландап жатат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: