super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Балам окуган мектепте мугалим окуучуларга 1 литрлик антисептик, кагаз майлык, суюк самын алып кел деп мажбурлап жатат" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну кайрылды. Ал баласы окуган мектепте мугалим окуучуларга 1 литрлик антисептик, кагаз майлык, суюк самын жана башка алып келүүгө мажбурлап жатканын айтат. Окурман окуучулар аталган каражаттарды мектепке алып барууга милдеттүү эмес деп эсептей турганын билдирди.

"Балам Жалал-Абад шаарындагы №1 Бабкина атындагы гимназия мектебинде окуйт. Бүгүн окууга уруксат берилди, мектепке барган күнү эле эжекебиз коргонуу каражаттарын алып келгиле дептир. Класс үчүн ар бир окуучу 1 литрлик антисептик, кагаз майлык, суюк самын жана башка алып барышы керек экен. Ошондо мектепти мамлекет каржылабайбы? Ансыз да ар бир окуучу чөнтөк антисептигин, салфетка, бет кап алып барып жатат го, анысы ашыкча эмеспи?
Бүгүн сабакта да "эмнеге алып келген жоксуңар, алып келгиле" деп дайындаптыр. Негизи ушул нерселерди мектеп каржылайбы? Өзүнө айтсам, баламды карабай артка тартат, силерге айтууга мажбур болдум", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
27.01.2021. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мектептер коргогуучу каражаттар менен камсыз болду дешпеди беле.Бөрк ал десе баш алган заман болду го
27.01.2021. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Керек болсо алып бересинерда, силерге не мугалим ОЗУ алып беребиле анан. Эптен баланарды Орто мектепте окута албайсынар ар кимге милдет кылып, мугалим андай деди мындай деди деп.Чыдабасанар мектепте чыгарып озунор окуткула уйунордо.
27.01.2021. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jindirak, макул биз алып берели.бирок ошондой каражаттар бөлүнгөн мектептерге, ал бөлүнгөн каражаттар кайда кетет.
27.01.2021. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин мектепте да коргонуучу каражатка акча топтошту окуучулар,раковинага топтошту,дайым эле окуучулар оздорунун киндигин оздору кесишет.кимге даттанабыз...
27.01.2021. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекет бербесе чогултат да, талап куч, спонсор жок мектепте.
28.01.2021. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй жиндирак ,и так эле балдарга берип жатабыз карманный деп туратко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: