БШКнын төрайымы президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу чечимди окуду
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу чечимди окуду. Ал президент болуп Садыр Жапаров шайланганын жар салды.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө. Чакырылган меймандардын бардыгы коронавирус инфекциясына ПЦР-анализдерин тапшырышканын белгилей кетүү керек. Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда.
Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт.
Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өттү
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев, Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

Рейтинг:
-1

