Таласта орто мектептен өрт чыкты (сүрөт)






Бүгүн, 28-январда Таласта орто мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Кара-Буура районундагы Ак-Жар айылынын Калыбаев атындагы орто мектептин от жагуучу бөлмөсүнөн өрт чыкты.
"Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылып, өрт саат 09:22де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.
Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

9:38
2025-07-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.