super.kg logo

"Дүкөнгө кирип коркутуп, уюлдук телефон жана акчасын тартып алган". Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды

 

Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда болжол менен саат 16:50 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Жумабеков көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринде акчамды жана чөнтөк телефонумду тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1977-жылы туулган М.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда баласы дүкөндө соода кылып жаткан учурда белгисиз жаран кирип келип, аны коркутуп 13 миң 700 сомдук Samsung Galaxy A11 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 900 сом өлчөмүндө акчасын тартып алып качып кеткен. Кылмыш изи сууй электе аталган кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: