super.kg logo

Чүйдө бир нече жолу мал уурдоого шектелгендер кармалды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда мал урдоого шектелген жарандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине 38 жаштагы Э.Т. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 19-декабрына караган түнү Чат-Көл айылында жайгашкан сарайынан белгисиз бирөөлөр үч баш майда мал жандыктарын уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 40 жаштагы О.Ы., 28 жаштагы У.Н. жана 23 жаштагы Ж.К. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштеринде кармалган жарандар Сокулук жана Аламүдүн райондорунан мал уурулугуна байланыштуу дагы 5 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Ал эми акыркы уурдалган мал жандыктар ээсине кайтарылып берилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: