Тартип сакчылары Караколдогу митингчилерге каршы жардыргыч зат колдонууга өтүштү
Каракол шаарында митингчилер турган жерде жардыргыч заттар колдонулуп баштады. Укук коргоо кызматкерлери катуу үн чыгаруучу жардыргыч заттарды колдонуп, топтолгондор туш-тушка качышты. Муну аймактык кабарчыбыз Жанат Туратбеков кабарлады. Борбордук аянтта баш аламандык. Өзгөчө даярдыктагы аскерлер топтолгондорду таратууга аракет кылышууда. Такталбаган маалыматтарда барымтадагы Эмил Каптагаевдин бошотулганы айтылып жатат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
-1

