super.kg logo

Финпол тарабынан депутат Кубанычбек Жумалиевдин жакындары кармалды

 

Финансы полициясы чет өлкөлүк инвестор, Германиянын жараны Б.Ф.нын арызынын негизинде өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыз ээси Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев жана башка адамдар анын ишенимине кирип, 200 миң АКШ долларын гана төлөп, 1 миллион доллар турган жабдууларды алышканын айткан.

"Белгилүү болгондой, Германиянын Б.Ф. аттуу жараны “А.Ю.К.” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимге ылайык 1 миллион доллар суммасында минералдык сууну куюучу жабдууларды жөнөткөн. Аталган ЖЧКнын директору М.С.М. Кубанычбек Жумалиевдин жакын тууганы. Андан кийин Жумалиевдин оозеки кайрылуусу боюнча инвестор тарабынан дагы бир “С.К.” ЖЧКсынын дарегине жабдуулар жөнөтүлгөн, анын директору дагы депутатка жакындыгы бар адам – Ж.Э.С. болгон.

Бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында чет өлкөлүк “М.Г.Б.В” компаниясына 800 миң доллар өлчөмүндөгү өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Үстүбүздөгү жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кылмышка шектүү деп “А.Ю.К.” ЖЧКсынын директору М.С.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бүгүн, 29-январда “С.К.” ЖЧКсынын директору Ж.Э.С. кармалды. Мындан тышкары бул иш үчүн маанилүү болгон буюмдар жана документтер жоголуп же жок болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгонуна байланыштуу Жумалиевдердин үй-бүлөсүнө таандык университеттин аймагында жайгашкан бул фирмалардын кеңселеринде кечиктирилгис издөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар, кармалган адамдар депутат Кубанычбек Жумалиевдин уулдары Элнур Жумалиев жана Султан Мырзабеков экенин SUPER.KG порталына билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(10)
29.01.2021. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эң жакшы!
29.01.2021. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Тушунсом олойун М.С.М Ж.Е.С
29.01.2021. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Жеген арам акчалар тешип чыга берсин, силер тайрандаган заман отуп, жооп бере турган мезгил келди, азыркысы эч нерсе эмес, кийин "аркы дуйнодо" жооп бергенде кыйналасынар го
29.01.2021. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ууру кескилердин айынан кыргыздар бала чакасын таштап дуйнодо тентип журушот. Бул жегич акмактар тайрандап жыргап журушот.
Ээх КЫРГЫЗ элим пешенене эшек тепкен экен.
Дагы Артем Новиков премьер болсун десе каршы чыккан кок мээлер да болуп жатат. Мына озубуздун кыкендер озубузду тоноп, тентитип, озулору шылдындап карап отурушат.
Эгер мигранттар жонундо ууру кескилик кылып байыгандардын создорун уксанар го, жашагынар келбей кетет. Биздин устубуздон жешип, дагы бизди шылдындашканы
29.01.2021. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аркы дуйносун ойлосо ушинтип жемек беле
29.01.2021. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Розадан туулган балдарыбы же биринчи катынынанбы
29.01.2021. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишкерлерге корупционерлер кысым жасап жатышат. Эртен силерда чон ишкер болсонор канкор корупционерлер силергеда кысым жасайт.
29.01.2021. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ак эмгек менен иште эчким тийишпейт ага болбой жатышпайбы
30.01.2021. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунун эмес ага инилеринин балдары окшойтго экоосунун Тен отчестволору болок экен
30.01.2021. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозеки кайрылууга деле оборудование жоното берген немец деле кок мээ окшойт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: