super.kg logo

Азамат Жаманкулов: "Кечинде үйгө келгенде кызымды көрүп сырттагы нерселердин баарын унутам"

 

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу мурдагы маалымат, маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов болду.

Анда ал министрликте жасаган жана жасанганга жетишпей калган иштери жөнүндө айтты. Ошондой эле Азамат Жаманкулов 4 айлык кызы Акмарал тууралуу суроого жооп берип, ата болуу сезимдери кандай экенин айтып берди.

"Кызым жөнүндө айта берсем сөз көпкө созулат. Акмарал деп атайын кыргыздын нукура атын койдук. Учурда көбүнчө батыштан келген аттар менен уйкаштырып жаңы аттарды коюу модага айланып кетти. Атын чоң атасы койду. Кызымдын азыр жаңыдан кылыктары чыгып келе жатат. Ата-эне болуш аябай жоопкерчиликтүү экен. Буга байланыштуу келинчегим экөөбүз балага байланыштуу көптөгөн китептерди окуп, видео роликтерди көрүп жатабыз. Өзгөчө кыздуу болгондон кийин айымдардын түйшүгүн түшүндүм. Мен сыртта долбоорлорум менен жүрүп кечинде үйгө келгенде такыр башка дүйнөгө келгендей болом. Кызыңды көргөндө сырттагы нерселердин бардыгын унутасың. Кызым азыр жаңыдан жылмайып, бизди тааный баштады. Анан тааный баштаганы дагы өзгөчө сезим экен. Тааныганын биз биле элек болчубуз. Анткени үйдө келинчегим экөөбүз эле да. Жакында конокко барып калып, кызыбызды башка бирөө алса ыйлап, кайра мага келгенде сооронуп калып жатпайбы. Ошондо такыр башкача сезим болду" , - деди Азамат Жаманкулов.






#ГалстукТар Азамат Жаманкулов депутаттын "сулуу" деп сындаганына түшүндүрмө берди

Автор: Жылдыз Джускембаева, Бекболот Сарыбаев, Бактыгүл Султаналиева
Оператор: Элчибек Кыштообаев, Мухамедзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.01.2021. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ар кайсы дааватчы, молдокелерди министр кызматка койбой, Азаматка окшогон балдарды кызматка дайындаш керек эле
SUPER.KG видео
01.02.2021. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат азаматсын. Мыкты жигит. Краусаучик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: