super.kg logo

Азамат Жаманкулов: "Самара Каримова башкаруучулукка умтулбай, чыгармачылыгын күчөтсүн деген кеңешимди бергем"

 

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу мурдагы маалымат, маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов болду.

Анда Азамат Жаманкуловго "Жакында эле ырчы Самара Каримованын кызматка дайындалышына байланыштуу резонанс жараткан окуя болду. Сиздин убагыңызда дагы болуп, жокко чыгардыңыз эле. Ошол учур тууралуу айтып бересизби?" деген суроо узатылды.

"Министр болуп келген күнү эле мага чейин статс-катчы буйрукка кол коюп койгонун билдим. Бирок ал өзү Өзбекстанда жүргөн. Бардык процедуралар бузулган. Эртеси күнү эле коомчулук дуу боло түштү. Самара Каримованын жана менин сүрөтүмдү коюп, ар кандай коллаждарды чыгара башташты. "Министр сулуу кыздарды жакшы көрөт экен, өзүнө чакырып ушуну коюптур" деген сөздөр чыкты. Өкмөттөн дагы чала башташты. Алар качан? Ким койду? деп суроо беришти. Буйрукка кол койгон статс-катчы Өзбекстандан келгенде бардыгын териштирдим. Анын буйрукка кол койгонго эч кандай мүмкүнчүлүгү жок эле. Ошонун негизинде мен буйрукту жокко чыгарып, Самара Каримованы директорлуктан алдым.

Кийин анын жолдошу келди. Коомчулук аларды жаман көрүп, Каримованын өзү дагы жаман болуп жатканын айтты. Ошондо мен Самара өзүнүн багыты боюнча чыгармачылыгын күчөткөнү оң болот деген кеңешимди бергем. "Тажрыйбасы, билими жок башкаруучулукка умтулганы болбойт. Ниязалы Борошев деген чоң музыкалык училище. Ал жерде өмүрүн ушул училищеге арнаган профессионалдар иштейт. Аларга эч кандай мүмкүнчүлүк берген жокпуз. Бир акыйкаттык болуш керек. Эгер абдан эле ал жакка баргысы келсе мугалимдер менен иштешсин, салымын кошсун" деген кеңешимди бергем. Эми Самара азыр деле барбай эле койсо болмок", - деди Жаманкулов.






#ГалстукТар Азамат Жаманкулов депутаттын "сулуу" деп сындаганына түшүндүрмө берди

Автор: Жылдыз Джускембаева, Бекболот Сарыбаев, Бактыгүл Султаналиева
Оператор: Элчибек Кыштообаев, Мухамедзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
30.01.2021. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Авторитети төгүлдуго чиркиндики
30.01.2021. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кече Жалал абадта жар жар айтып журот эле, аны ким тоюна чакырат экен тооба, инстада комментарий жазгандар жалан гана Самашты мактап жактап жазгандар тооба же аларды да сатып алабы
31.01.2021. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Paprikafm,Самара мурда 1000 долларга барса азыр 100 эле долларга барып калган , абийри айрандай тогулгондон кийин.
31.01.2021. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура создор болуптур чынында ылдыйкы тепкичтен баштаса болмок Каримова чачы узун болсо да акылы келте деген ушул да.
SUPER.KG видео
01.02.2021. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат азаматсын. Мыкты жигит. Краусаучик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: