super.kg logo

Алайда өлтүрүлгөн милиция кызматкеринин бир тууганы: "Ушундай иш болуп кетпесин деп "Альфадан" чыгарып алганбыз"

 

Буга чейин 28-январда Ош облусунун Алай районунда милиция кызматкери киши колдуу болуп өлтүрүлүп, Гүлчө дарыясына ыргытып жиберишкени маалым болгон.

Кылмышкерлер тарабынан каза болгон милициянын лейтенанты Нурланбек Эркулов 1989-жылы 27-июль күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Терек айылында төрөлгөн.

SUPER.KG порталы окуянын чоо-жайын билүү максатында маркумдун бир тууганы Элмурат Эркуловго байланышты.

Анын айтымында, иниси Нурланбек жашыруун кылмыштардын бетин көп ачкан. Адилеттүүлүк, чындык деп күйгөн кесипкөй адам болгон.

"Нурланбек инимдин алдыга койгон максаттары, тилектери көп болчу. Өзүнүн ишин так аткарган, жоопкерчиликтүү, чындык деп күйгөн, элим деп жүргөн бала эле. Ошону менен бирге эле үй-бүлөсүнө дагы бекем, туугандардын барына бирдей караган, өзү жаш болсо дагы өтө калыс адам болчу. Жумушта жашыруун болгон кылмыштарды көп ачкан экен. Ошол себептүү көп сыйлыктар менен сыйланды. Чындык деп жүрүп бизден алыстап кетти. Адилеттүүлүктү орнотуу керек деп эле жүрчү.

Ал эми окуя боюнча айта турган болсом, башынан баштап эле катышып келе жатам. Ош ОИИБ берген маалыматта айтылгандай болду да. Кайсы жерге ыргытылып, кайсы жерде жатканынан бери көрүп келдим. Акыры ошол шектүүлөр кармалганга чейин өзүм катышып, жансыз денеге экспертиза кылганда да кошо жүрдүм. Мындан ары сотторго ынсап берип, адилет чечим кабыл алат, күнөөлүүлөрдүн бирин калтырбай жазасын берет деген үмүттөбүз. Үй-бүлөсү тууралуу айтсам, балдарынын эң улуусу 4 жашка чыгып жатат. Келинчеги "эми жалгыз кантем" деп чырылдап ыйлап жатат. Ата-эненин күйүтүн душманга дагы каалабайт элем", - деп билдирди бир тууган агасы.

Ошондой эле маркум буга чейин УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы аскерлер бөлүгүндө иштеген. Маркумдун агасы инисин бул кызматтан "ушундай иш болуп кетпесин деп чыгарып алганбыз" деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.02.2021. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сот адилеттүү болсун,күнөөлүүлөр камалсын.
01.02.2021. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жайын бейиштен кылып, билип билбей жасаган куноолорун кечирсин! Ажал бир секунд эртеда бир секунд кечда келбейт!
01.02.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун. Жараткан Аллах мээримине алган болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: