Жалал-Абадда бир аптада 1148 айдоочу жол эрежесин бузса, 725 айдоочуга протокол түзүлдү
Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Жалал-Абад облусунун аймагында 23-январдан 29-январга чейинки бир апта аралыгында жалпы 1148 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.
Анын ичинен 18 айдоочу унааларын мас абалында, 425 айдоочу катуу ылдамдыкта, 15 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып айдаган болсо, 725 айдоочуга протокол түзүлдү.
Жалпы 129 унаа айып короого токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.