Улукбек Марипов Зарылбек Рысалиевге: "Өкмөт башчылыкка барсам, чачым сиздикиндей болуп агарат го деп ойлойм"
Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып, жактырылды.
Депутат Зарылбек Рысалиев: "5 жылда чачым агарды деп айттыңыз. Эмне кылып чачыңыз агарды? Кыйын иш болдубу?" - деп сурады.
Марипов: "Эсептөө палатасында буга чейинки жетекчилер иштебептир. Менин ага чейин эле чачым агарган болчу. Өзгөчө Эсептөө палатасына туруштук берип иштөө кыйын. Бирок азырынча чачым сиздикиндей агара элек. Өкмөт башчы болуп келсем чачым сиздикиндей агарат го деп ойлойм", - деди.
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрдин талапкерлигин карады
Автор: Жылдыз Джускембаева
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
-3

