super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жаңы кызматка барат

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигин жетектейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү расмий буйрук чыгат. Буга чейин Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп келип, 2019-жылдын соңунда мандатын тапшырган.

Алмамбет Шыкмаматов 1969-жылы 21-октябрда Фрунзе шаарында туулган. Ал 1995-жылы Бишкек гуманитардык университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүрүп, юридикалык билимге ээ болгон. 2013-жылы Орусиянын президентинин алдындагы эл чарбачылыгы жана мамлекеттик кызмат боюнча академиясын "мамлекеттик кызмат жана кадр саясаты" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1999-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда сот аткаруучу кызматынан баштаган.

2002-жылы өкмөттүн алдындагы Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча башкы башкармалыгынын жерге жайгаштыруу боюнча бөлүмүнө башкы адис болуп иштеген.

2003-2004-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иштеген.

2004-жылы Жогорку Соттун аппаратынын жарандык иштер боюнча бөлүмүнө улук консультант кызматына которулган.

2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин спикеринин жардамчысы болуп иштеген.

2010-жылы өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына дайындалган.

2011-жылдын мартынан 2011-жылдын декабрына чейин Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген.

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын февралына чейин юстиция министри кызматын ээлеген.

2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2017-2019-жылдары "Ата Мекен" фракциясынын лидери болгон.






19 жаштагы жигит "4-классымдан бери 3 эркек зордуктап жүрдү" деп милицияга арыз жазды

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Мухамедзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: