super.kg logo

Башкы прокуратура: "Пандемияда 1 сом 50 тыйындык бахиланын ордуна 150 сомдугу алынган"

 

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жеке коргонуу каражаттарын сатып алууда бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

"2020-жылдын 6-майында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин комиссиясы негизсиз, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды бузуп, жеткирүүчүлөрдүн эң арзан баадагы коммерциялык сунуштарын четке каккандыгы аныкталды. Алар "Ф" ЖЧКсы менен жеке каражаттарды жеткирүү боюнча түздөн-түз келишим түзүүнү сунуш кылышып, медициналык кол каптарды жана бахилаларды жогорулатылган баада алышкан.

Коммерциялык сунуштардын шарттарын жана "Ф" ЖЧКсынын келишимин бузуу менен, техникалык шарттын талаптарына жооп бербеген 101 миң 300 түгөй кол кап жеткирилген", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, келишимде каралган 1 сом 50 тыйындык 150 түгөй бахилынын ордуна, иш жүзүндө 1 миң 500 даана бахиланы жогорку баада, бир даанасын 150 сомдон алынгандыгы белгилүү болду.

Мындан улам, мамлекетке 5 миллион 175 миң 200 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул факты Башкы прокуратура тарабынан реестрге 320-берененин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
02.02.2021. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
1бахила 150сом? Эгер чын болсо кара башыны жуууут. 1500бахиланы 225000сомго алышканбы ошондо.
Мен чонтогумон 7500сомго алып бермекмин эгер бюджет учун, 225000сом олкого калыш учун.
02.02.2021. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zhaynak,5сомдон эле
02.02.2021. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кээде Кудайдан коркпой ушундай жолго баргандарды угуп, көрүп айла жоктон тобо келтиресиң, элдин акысын кантип өзү го мейли, балдарына кантип жедирет! Арам тамакты жеп эки дүйнө кантип баш көтөрөсүң, элдер пандемияда бир сындырым нанга зар болуп отурушту!
02.02.2021. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
олуп эле калыпсынар да...
02.02.2021. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми бир жеринен тешип чыксын ошо Арам акча.
02.02.2021. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ляя ты крыса
02.02.2021. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдук соз жок буларга
02.02.2021. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жагы дагы 9000 сомдук кочоттордон болуптурда!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: