super.kg logo

"7 айлык кош бойлуу". Жалал-Абадда 16 жаштагы кыздын өз каалоосу менен жыныстык катнашка барган жаран 8 жылга соттолду

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы айылдардын биринде 16 жаштагы кыз менен бир нече жолу жыныстык катнашта болуп жүргөн жаран 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул көрүнүш дээрлик бир жылга созулуп,кыздын боюна бүтүп, кош бойлуулуктун 7-айы болгон. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуянын чоо-жайы:

Базар-Коргон районундагы айылдардын биринин тургуну Ж.К. 2019-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын 20-январына чейинки аралыкта 16 жаштагы кызды жашы жете элек экенин билип туруп, аны менен бир нече жолу жыныстык катнашта болуп жүргөн. Айыпталуучу 1999-жылы Базар-Коргон районунда туулган, үй-бүлөлүк абалы бойдок, билими орто, убактылуу эч жерде иштебейт.

Айыпталуучу соттук отурумда кылган ишин толугу менен моюнуна алып:

"Мен кыз менен 2019-жылдын ноябрь айында Инстаграм аркылуу таанышып калгам. Аны менен биринчи байке-карындаш катары сүйлөшүп жүрүп, 5-6 күн убакыт өткөн соң телефон номерин алып, ал менен кыз-жигит катарында сүйлөшүп баштагам. 2020-жылдын январь айынын башында Базар-Коргон айылындагы көчөлөрдүн кесилишинде кыз менен жолуктум. Ошол күнү ал менен аталган айылдагы сейил бакка барып сүйлөшүп отуруп бири-бирибизди жактырып калдык. Кыздын өзүнүн каалоосу менен жыныстык катнашка баргам, андан кийин анын макулдугу менен бир нече жолу айылда жыныстык катнашта болгонбуз. Бүгүнкү күндө кылган ишиме терең өкүнүп кечирим сурайм, биз экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз, мага карата жаза чарасын колдонууда мен кыз менен элдешкенимди жана анын мага карата доосу жок экенин эске алып, кылмыш ишимди кыскартып бүрүүнү суранам", - деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.

Жабырлануучу кыз айыпталуучуга карата доосу жок экенин айткан:

"Мен 2020-жылдын март айында апамдын жанына Бишкек шаарына баргам. Ал жакта апам менен бирге жашап жүрүп, 2020-жылдын 31-август күнү ичим ооруганда апам Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине алып барып, текшерткенде кош бойлуу экенимди билдик. Апам кимден кош бойлуу болуп калганымды сураганда коркуп, чындыкты жашырып 2020-жылдын февраль айында Базар-Коргон районунун Карача айылынын жогору тарабында 1995-жылы туулган жаран күч колдонуп зордуктап койгон деп айтып койгом.

Менин айтканым боюнча апам Базар-Коргон РИИБине барып арыз менен кайрылды. Бирок чыныгы окуя башкача болгон. Анда 2019-жылдын ноябрь айында мен айылдаш, 1999-жылы туулган бала менен интернет аркылуу сүйлөшүп калгам. Аны менен 10 күн бою WhatsApp менен сүйлөшүп жүрүп, 2019-жылдын декабрь айынын башында жолугалы деп алдын ала сүйлөшүп, болжол менен саат 14:00 чамасында Базар-Коргон айылындагы сейил бакта жолугушкам. Ал менен биринчи жолу жолугуп аны жакшы көрүп калганым үчүн өз каалоом менен биринчи жолу жыныстык катнашта болгом. Ошондон баштап таенем жашаган үйдүн жанында жолугуп жүргөм. Ал жерден кечинде караңгыда өзүм макул болуп жыныстык катнашта болгом. Мындан улам айыпталуучуга карата эч кандай доом жок. Ага карата козголгон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп берүүнү суранам", - деп билдирген кыз.

Апасы тосмо арыз жазган:

"Мен Базар-Коргон районундагы айылдардын бирине турмушка чыгып, ал менен 3 ай убакыт бирге жашап, пикир келишпегендиктен ажырашып кеткем. 2004-жылы кыздуу болуп, кийин жашоо шартка байланыштуу 2013-жылдан тартып Бишкек шаарындагы тигүүчү цехтердин биринде иштеп келем. Эмгек акы жакшы болгондуктан Бишкек шаарында иштеп, кызымды Базар-Коргондогу өз апамдын карамагына бергем. Кийин кызым ооруп калып, Бишкекке алдыртып келип, бирге жашап жатканда кызым ашказаным ооруп жатат деп айтканынан аны ооруканага алып барсам, 7 айлык кош бойлуу болуп чыкты. Кызымдан эмне болду деп сураганда, аны 1995-жылы туулган бала эркиме каршы зордуктап койду деп айтып берген. Анан келип, милицияга арыз менен кайрылсам, кызым мага айткан мурдагы көрсөтмөсүн толугу менен өзгөртүп, аны оюмдан чыгарып койгом деп, болгон окуяны менин катышуумда айтып берди. Мен айыпталуучуга карата эч кандай доом жок деп тосмо арыз жазып бердим".

Өкүм:

Сот иш боюнча бардык тараптардын угуп көрүп чечим чыгарды. Айыпталуучу кыздын жашы жете электигин билип туруп кылмышка баргандыгын эске алып, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратты. Бирок айыпталуучуга мунапыс колдонулуп, жазасынын үчтөн бири кыскартылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
03.02.2021. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Баланы камаганда не пайда Тосмо арыз жазып экобун уйлоп койуш керек
03.02.2021. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Балдарыбызды өзүбүздүн жаныбызда эле алып жүрөлүчү, кыйналсак да. Чонойуп эле калган кыз экен энесин жер каратып коютур да, ал да ушу кызын багыш үчүн Бишкекте жүрсө керек. Өзүн кошо ала кетип кошо иштетсе болмок,ошол убакта онлайн окуп атышкан го.
03.02.2021. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Баланы камаштын кереги жок.Байкуш акчасы аз,кедейдин баласы окшойт.Байдын баласы болгондо 16 жаш эмес 10 жаштагы кызды зордуктаса да камалмак эмес.
03.02.2021. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кунажын көзүн сүзбөсө бука жибин үзбөйт.үйүнө кирип зордуктабаптыр өз каалосу менен чыгып жатып жүрүптүр.экөөнү үйлөндүрүп эле койбойбу.Жашы жете электигине штраф салып койсо болмок экен.ушу сотор деле бөрк ал десе баш алат.туура чечим чыгарбай.млярд акчаларды жеп адам өлтүргөндөр боштондукта жүрөт сегиз күнгө деле камалбай.
04.02.2021. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Биздин мамлекетте 16 жаштан ЗАГСка турууга уруксат бериш керек окшойт.
8жыл коптук кылат,2 айга анан чыгып уйлоносун,баланды багасын деп милдеттендириш керек.Омур бою ажырашпайсын деп.Эртен баласы торолсо не атан турмодо,сени жаратам деп тушкон дейби баласына.Апасы кызына кошуп эми небере да багабы,анын памперси бар,торотканага кеткен акчпсы бар,кийим кечеси.Туура эмес чечим.
04.02.2021. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Камабай эле уйлоп койсо бактылуу уй було болушат Беле.
04.02.2021. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйшандап кыздар өздөрү жөн журушпойт да каалоосу жок болсо эч ким эч качан зордуктабай. Өздөрү көзүн сүзүп,повод беришпегенде мындай иштер болмок эмес. Түштөн кийин анан макулдугу менен деп кыйшандабай.
04.02.2021. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asmat84,
Бир нерсе болсо эле кыздарды куноолу кылып чыгара бересинби. Бизде эркек куноолуу.
04.02.2021. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asmat84,каалоосу жок болсо эч ким зордуктабайт дегенге кошулбайм! Баардык зордукчулдар үчүн жооп бербе да! Каалоосу жок канча адамдар дүйнө жүзүндө анын ичинде Кыргызстанда зордукталат! Керек болсо эркек эркекти зордуктаган, кичинекей балдар, кыздардын чоңдор тарабынан зордукталган окуялар ачыкка чыгып жатат!
04.02.2021. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сотто мээ жок экен!
Сот - адилет чечим чыгаруучу орган, ал жазалоочу орган эмес.
Экоосун уйлонтуп, 10жыл тынч жашасанар иш жабылат деп койсо булардан откон секси уй було табылмак эмес!
04.02.2021. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мыйзам кимдир бироо учун кучундо, апасы экоо тен доосу жок болсо уйлондуруп бакыт каалабайсынарбы.
04.02.2021. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Торолотурган баланы сот багат бекен эми
04.02.2021. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Анжелика ачык эле айтат го 16 жашымда тийгемин деп.
04.02.2021. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
nazira...,ии анан? Аны элдер туураш керекпи анан?
04.02.2021. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Карасаң эми доом жок деп жатса да 8 жылга камаптыр. Башкалар мыйзам чегинде жоопко тартып бер деп келишсе сот залынан эле бошотулуп чыгып кетет. Эмне деген адилетсиздик сотторго калдык ыя?! Кудай күнүбүздү сот,милиция,врачтарга калтырбасын. .
04.02.2021. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өз каалоосу менен жыныстык катнашта болгону үчүн кызды да соттобойбу. Кызго мейли жаш экен бала эми акылга токтолуп калган эле жигит экен го. Кудайым жаш кыз балдарыбызга ыйман берсин. Карыларыбыз да жаштарыбыз да уят деген нерсени билбей баратабыз бардык эле жерде зордук зомбулук туура багыт берген адамды жаман көрөбүз а бузукулук иштерди жасаган адамдарга бузукулук таркаткан адамга кошомат кылабыз.
04.02.2021. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куроого акча коюп чыгайн десе акчасы жок
Окшойт байкуш. Жапаров камаганда эмне пайда дейт элего. Акча толосо болду деп. Кыз тороп берет мамлекетке салым кошот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: