Президент Садыр Жапаров жаңы өкмөттүн мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү (фото)









Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда жаңы өкмөт мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашат.
Мамлекет башчысы жаңы өкмөттүн ишмердүүлүгү өткөөл мезгилге туура келгендигин, ага байланыштуу алардын алдында чоң жоопкерчилик тургандыгын белгиледи.
Ал өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, эксперттерди жана бизнес-коомчулукту тартуу менен мамлекеттик органдар менен административдик ведомстволордун функцияларын бөлүштүрүү жана бекитүүнү тездетүүгө көңүл бурду".
Мамлекет башчысы министрликтер жана ведомстволордун ортосунда функцияларды бөлүштүрүүдө алардын бирдиктүүлүгүн, толуктугун жана эффективдүүлүгүн камсыз кылуунун зарылдыгын белгиледи.
Мындан сырткары, Садыр Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кийинки толкунуна даярдануу боюнча тийиштүү иштерди улантуу үчүн тез аранын ичинде жооптуу жетекчилерди аныктоо керектигин өзгөчө белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун, социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларына болгон баалардын негизсиз өсүшүн алдын алуунун, ошондой эле мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруунун маанисине токтолду".
Мамлекет башчысы бүгүндөн тартып өкмөттүн ар бир мүчөсү ар бир тармак боюнча жакынкы жылдары жүргүзүлө турган реформалардын тизмесин даярдай башташы керектигин баса белгиледи.


