super.kg logo
  Саясат  

"Мурунку бийликтин катасын кайталабоого чакырам". Депутат Карамушкина Абдил Сегизбаев менен Курсан Асановдун кармалганы боюнча пикирин айтты

 

Депутат Ирина Карамушкина Абдил Сегизбаев менен Курсан Асановдун кармалганы боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өлкөдө жаңы бийлик орнотулду. Көпчүлүк жарандар көп нерсени күтүп жатышат. Бирок президенттикке талапкерлигин койгон атаандаштары Абдил Сегизбаев менен Курсан Асановдун камалышы саясий куугунтук уланып жатканын билдирет деп ойлойм. Эмнеге дагы деле Фарид Ниязов камакта отурат? Кечээ Абдил Сегизбаевдин штабында иштегендер сурак берди. Муну басым деп айтса болот. Мурунку бийликтин катасын кайталабоого чакырам", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: