super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев: "Эл каалабаган адамдар өкмөткө келип калышты" АПТАСОБОЛ

 

Кечээ, 3-февралда Жогорку Кеңеш Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Президент Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койду. Ошол эле күнү алар парламентте ант беришип, кызматка киришти. Мурда 22 өкмөт мүчөсү болсо, азыр 16 болду. Коомчулукта өкмөттүн курамы кыскартылып, министрликтер, мекемелер бириккени талкуу жаратууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өлкөдөгү абалды жакшыртууга өкмөттүк түзүлүштүн кардиналдуу өзгөрүшү өбөлгө боло алабы?" деген собол салды.

Экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында, эл күтпөгөн, эл каалабаган адамдар өкмөткө келип калышты.

"Эгерде эл апрелде жаңы Конституцияны кабыл алса, анда таптакыр башкача абал болот. Анткени жаңы Конституцияга ылайык, Садыр Жапаров өлкөнүн гана эмес, өкмөттүн да башчысы болуп калат. Азыр болсо эл күтпөгөн, эл каалабаган адамдар өкмөткө келип калышты. Албетте, кыскаруулар болду, бирок алар функционалдык анализи жок, механикалык түрдө болуп калгандай сезилип жатат. Жаңы өкмөт өзүнүн моюнуна тагылган жүктүн баарын көтөрүп кете алабы? Кептин баары ушунда. Бирок бир абдан жакшы кадам ташталды. Ал 50гө жакын агенттик, комитет жана башка ушул сыяктуу мамлекеттик мекемелер 12 министрликтин алдына топтолду. Бул абдан туура кадам болду деп ойлойм. Эми ушуну алып кете алса Улукбек Мариповго ыраазычылык билдиришибиз керек. Бирок алып кете алат деп ойлобойм. Анткени коррупциялык схемелардын баары Марипов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп турганда аткарылганын көрүп жатабыз. Ага каршы болгондордун көпчүлүгү карапайым эл болуп, аны мурдагы бийликтин өкүлү катары кабыл алып жатышпайбы. Менимче, жаңы өкмөткө абдан кыйын болот", - деди Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: