Супер фактылар: "Улуу тоого чыккан барбы? Улар үнүн уккан барбы?". Улар кушу тууралуу кызыктуу фактылар
Улар кушу - бийик тоолордо гана кездешет. Жапайы тоо үндүгү аталган улар Азиянын жана Кавказдын 1500-5100 бийиктикке чейинки тоолуу аймактарын байырлайт. Учурда аталган канаттуунун дүйнөгө белгилүү болгон беш гана түрү бар. Алар алтай улары, гималай улары, кавказ улары, каспий улары жана тибет улары деп аталат. Булардын ичинен Кыргыз өлкөсүнүн көк тиреген тоолорунан гималай уларын кездештирүүгө болот.
Улар тоонун чокусунда өскөн чөптөр менен азыктангандыктан, эти баалуу чүйгүн азык катары бааланат.
Гималай улары жөнүндө кызыктуу фактылар:
- кар алдындагы өсүмдүктөр, бадалдардын жалбырактары жана майда курт-кумурскалар менен азыктанат;
- өңү ачык боз түстө келип, майда ак темгилдүү болот. Моюнунун, куйругунун астыңкы жүндөрү агыш жана моюнунун эки капталында кара күрөң сызыкчалары бар.
- денесинин узундугу 50-70 сантиметр;
- уясын аска боорундагы шагылдуу жана чөптүү жерди анча терең эмес казан сыяктуу казып, астына жүндөрдү же өсүмдүктөрдүн сабактарын төшөйт;
- жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн аскаларда өткөрөт;
- улар башка канаттуулардай болуп көп учпайт;
- күз-кыш мезгилинде алар 15-20дан топ-топ болуп жашашат;
- сактыгы жагынан сагызгандан кем калбайт;
- канат, куйруктары үкү топу жасоодо колдонулуп келет.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:17
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Haanykeim

06.02.2021. 09:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улар деп мен төрт буттуу жаныбар деп ойлоп жүрчүмүн.Көрсө ушундай экен да.
Isikkolumkeremet

06.02.2021. 13:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин жайлоодо улар тоолтура.албетте тоонун башында бирок
Asmat84

19.09.2021. 02:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кекиликтин эле чоңураагы экен да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.