Аламүдүн районундагы "Алма-Ата" кафесинде өрт чыкты





Чүй облусунун Аламүдүн районунда тамактануучу жайдан өрт чыкты. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, саат 19:40 чамасында Алма-Ата көчөсү менен айланма унаа жолдун кесилишиндеги "Алма-Ата" кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин натыйжасында саат 21:00дө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.