super.kg logo

Нарында ок атышуудан каза болгон жарандын окуясы боюнча тергөө иштери башталды

 
Нарында бир адамды атып кетишти. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 6-февралда саат 20:40 чамасында милиция бөлүмүнө Нарын шаарындагы Москва чөлкөмүнөн бир адамды атып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

"Аталган билдирүү Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынды. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда. Ал эми анын өлүмүнө шектелген жарандарды аныктоо, окуянын чоо-жайын териштирүү боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.

Буга чейин порталыбызга өздүк булактар Нарын шаарында ок атышуу болуп, анын кесепетинен бир адам каза болгонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: