super.kg logo

Казарманда кордолду делген кыздын таенеси: "Кудайдан өмүр жашын сурап баккан неберем, шаарга барса кыйналып калат дедим"

 

Кечээ, 7-февраль күнү социалдык тармактарга Алтынбек Артыкбек уулу аттуу жаран бир тууган карындашыма таята, таенеси зомбулук көрсөтүп жүрөт деген видеону ЖМКларга тараткан болчу.

SUPER.KG порталы кыздын бир тууган агасы менен байланышып, андан комментарий алган эле. Анда Артыкбек уулу карындашын Бишкек шаарына алып кетүү ою менен таята, таенесинин үйүнө барганда алар каршы болушуп, кызды таенеси сабаганын айткан. Бул окуянын экинчи тарабы болгон, кызды сабады деген таене менен SUPER.KG порталы байланышып, төмөнкүчө маалымат алдык.

"Кызды 3 жашымдан бери багып келе жатам. Шаардан агасы келип, алып кетем деди. Ошондон улам уруш чыкты. Эми кетип каяка барат, мен багып келе жатам. Алып кетем деген неберемди дагы мен баккам. Мен "үй салдыңбы?" деп сурасам жок дейт. Батирде жашайм, ошол жакка кызды алып кетем дейт. Эми ойлосоңор, кыздын буту баспаса, батирде жашаса, аны кантип багат? Анын булганган кийимдерин ким жууйт? Мен бербейм дедим. Кызым өлгөндөн кийин ушул неберелеримди эмне деген азап менен бактым. Эмне деген кордукту көрдүм.

Төрөлгөндө эки буту баспай төрөлгөн. Өмүр жашын Кудайдан сурап жүрүп бактым, булардын кир-коогун жууганым канча. Кыздын агасы милицияга арыз жазыптыр. Милицияга барып кеч келдим. Эртең дагы барам. Биз неберебизди урганыбыз жок. Ошол окуяда агасынын көзүнчө эмне кетем дейсиң деп эле чапкам. Аны чапкан эмесмин дебейм. Шаарга барса, батирге жашаса, эртең эле аны түртүп чыгарып коюшат. Ошол үчүн бербейм деп жатам. Ушундай азап менен баксам, эми көргөн кордугум бул", - деди кыздын таенеси (ыйлап).


кошулду





Казарманда майып кыздын таенеси: "Кудайдан өмүр жашын сурап жүрүп баккан неберем, шаарга барса кыйналып калмак"

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
09.02.2021. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми актанганды аябай уйроеуптур. Бала батирге апаргыла деген жок ,дом инвалидовго орнотконго жардам берсенер деп кайрылып атат. Урмак тургап тэээп ататко буту менен. Кыз 26 да экен. Озу чечсе болот уже ким менен жашашты
09.02.2021. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nina.alex,26га чыкса да инвалид болсо кантип чечмек байкуш
09.02.2021. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудайды карап суйлосо.. чапмак турмай бет талаштыра тепти го.
09.02.2021. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Pchelka85, Ооба десен, чачынан жулуп, бул видео болбогондо такыр эле мойнуна албай коймок экен. Бужуроп алышып ушу жашка чейин далай эле кордогон окшойт мастан кемпир.
09.02.2021. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат...ыймандуу байбиче.карыя болушканда мынча сабашпайт эле.мындай создор да чыкмак эмес.байкуш ыраматылык болгон кызы корундо тынч жаталбай аткан экен.арбакты сыйлабаган акмактар.кудай бардыр силерге..
09.02.2021. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Isikkolumkeremet,ыймандуу болсо кана.Таятасы зордуктап журсо балээни ыймандуубу?Кечээ коруп баарыбыз башыбыз ооруп,кечке жаман болдук.
09.02.2021. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тооба кылдым тартып атканда ошончо уруп тээп атат чачтап ,койгула андан коро детский домго бергиле,бул дунодо болбосо наркы дуйнодо жооп бересинер.
09.02.2021. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Инвалид кызга эле боорум ачыды байкушка. Эмне куноо анда и так, эле кыйналып атса анан башка козго койгулап атат. Башкасы эмне болсо ошо болсун. Ушу кызды озун мээримине алчы о жараткан Алла Таалам!
09.02.2021. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жон эле актанып олумуш болбой эле койсо.Абышкасы да,кемпир да экоо тен жеткен чалик кишилер,начар адамдар.Мал багып жайлоого кетишкенде туйшуктун баары ушул кызга тушчу экен.Кир когун ким жууйт деп коет кайра ушуга жуудуруп жаткандары менен иши жок.Чон ата чон эне жагынан да туугандары кобунчосу эле каза болуп калган.Карай турган деле адам жок негизи булардан башка.Бирок жакшы багып жаткан киши болуп корунчу да,корсо ушундай турбайбы.
09.02.2021. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ,Тогузторо райондук социалдык онугуу башкармалыгына байланышпайсынарбы?Буга окшогондордон балдарлы тартып алып коет.Апасы ичип жургон кызды деле балдар уйуно откоруп коюшту жакшынакай жле окуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: