super.kg logo

Балбак Түлөбаев кызматтагы адамдар орус тилиндеги сөздөрдү айта албай калган учурда шылдыңдоону токтотууга чакырды (видео)

 

Балбак Түлөбаев маалымат жыйын берип, колунан келгенин жасаганын, кемчилик кетирсе кечирип коюусун айтты. Ошондой эле ал орус тилдүү журналисттерге кайрылды.

"Орус тили биздин эне тилибиз эмес, биз аракет кылабыз. Айрым учурда биз адашабыз, андан мемдерди жасоонун кереги жок. Көпчүлүк чиновниктерибиз айылда чоңойдук, шаарга келгенде орус тилинде сүйлөгөнгө аракет кылабыз. Кээде биздин жакшы айта албай калган сөздөрүбүздү сынга алганда капа болобуз. Силер андай кылбашыңар керек, тескерисинче, башкаларга жардам бергиле.

Орусча сүйлөп, бир жерден кемчилик кетирип койсок тепкилеп каласыңар. Биздин эне тилибиз кыргыз тили да. Баарына түшүнүктүү болсун деп орусча сүйлөйбүз. Мен айылдан келгем, өмүрүмдө орусту 1989-жылы көргөм", - дейт.

Ошондой эле Балбак Түлөбаев жаңы дайындалган мэрге жардам берели дейт.

Эске салсак, кечээ, 8-февралда Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кеткен.


кошулду





Балбак Түлөбаев: "Орусча сүйлөй албагандарды шылдыңдабагыла"

Автор: Айзада Тураркулова
Оператор: Айзада Тураркулова
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
09.02.2021. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Орусча бир эле адам сүйлөй албайт
09.02.2021. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушул да проблемабы эми, ар созду айтпай иш кылбайсынарбы.
09.02.2021. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Балбак Бакылдап суйлогондон башка эч бир корунуктуу иш деле баштаган жоксуз Башка жумушту деле кыйрата албайсыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: