super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр өкмөт кыргыз элинин жана президенттин ишенимин актоо үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын белгиледи

 
Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда өкмөттүн жакынкы келечектеги ишинин негизги багыттары белгиленди.

Премьер-министр билдиргендей, өкмөттүн жаңы курамы алдында кыска мөөнөттө ар бир сектордо, тармакта реформа жүргүзүү боюнча жоопкерчиликтүү милдет турат, мында аталган өзгөрүүлөр жарандар үчүн сезилерлик болуп, алардын жашоо деңгээлин жакшыртуучу жыйынтыктарды бериши зарыл.

"Алдыда чоң өзгөрүүлөр турат, масштабдуу социалдык, экономикалык жана технологиялык милдеттерди ыкчам чечүү зарыл. Коомчулук бизге чоң ишеним артууда", - деди Улукбек Марипов. Ал жуманын соңунда мамлекеттик ведомстволордун түзүмүн бекитүү боюнча иш жыйынтыкталарын кошумчалады.

Өкмөт башчы белгилегендей, Садыр Жапаров кол койгон беш жарлыкты ырааттуу аткаруу боюнча иш башталды.
"Президент биздин алдыбызга ишкерлердин жана инвесторлордун менчигин коргоо жана аларды колдоого алуу, тоо-кен тармагын реформалоо, жаңы кадр саясаты, миграциялык саясаттагы, инсанды рухий-нравалык жана дене тарбиялык жактан калыптандыруу жаатындагы реформалар боюнча конкреттүү милдеттерди койду. Аларды ишке ашыруу бийликтин бардык деңгээлиндеги мамлекеттик башкарууга карай жаңы мамилени талап кылат, мында ачык-айкындык жана калк менен түз пикир алышуу маанилүү болуп саналат",- деди өкмөт башчы.

Ал кошумчалагандай, Алматы шаарына жумушчу сапарынын алкагында өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү "Санариптик кайра жүктөө: жаңы реалдуулуктагы рынок" санариптик форумунун жалпы сессиясына катышкан.
"Биздин коңшуларда санариптик технологияларды өнүктүрүү жогорку деңгээлде. Расмий документтерди берүүдөн тарта коомдук транспортто акы төлөөгө дейре бардык мамлекеттик тейлөөлөр санариптештирилген. Биз алга умтулуубуз керек. Бардык мамлекеттик тейлөөлөрдү санариптештирүү боюнча иштер өзгөчө көзөмөлдө болушу зарыл", - деди Улукбек Марипов.

Мындан тышкары, премьер-министр коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө, жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алуунун, ошондой эле учурдагы ченемдик-укуктук актылардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү боюнча иштин маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйынтыгында Улукбек Марипов өкмөт аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин алдыга коюлган максаттарга жетишүүдө бардык күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды жана өкмөт кыргыз элинин жана президенттин ишенимин актоо үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: