Депутат Бекешев: "Жергиликтүү шайлоодо ар жактан шайлоочуларды ташуу иштери башталат"
"Жергиликтүү шайлоодо ар жактан шайлоочуларды ташуу иштери башталат", - деп бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Биз парламенттик шайлоодо форма-2ни жокко чыгардык. Ошондой эле президенттик шайлоодо форма-2 болгон жок. Жергиликтүү шайлоодо форма-2 калды. Ушул боюнча мыйзам долбоорун жазсам тийиштүү комитетте өтпөй жатат. Бул боюнча тапшырма берилиши керек. Комитет караш керек бул мыйзам долбоорун. Мына жергиликтүү шайлоо башталып жатат. Кайрадан шайлоочуларды ташуу иштери башталат", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

