"Жоругуң жолдо калсын!". Интернетке 6 баланын турган жеринен кулап түшкөн видеосу жарыяланды

Интернетке 6 баланын турган жеринен кулап түшкөн видеосу жарыяланды. Коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан видео Орусиянын Москва шаарында тартылгандыгын айрым колдонуучулар жазышууда.
Тасмадан бир баланын "Ассалому алейкум достор! Бизде азыр жаңы П" деген боюнча кулап түшкөнүн, анын аркасынан калган 5 баланын кулаганын көрүүгө болот. Алар бул жоругун алгач вокзал ичинде андан соң метродо кайталашкан.
Балдардын бул кылыгына кыжыры келген колдонуучулар ар кандай терс пикирлерди жазышууда. Айрымдар "Жоругуң жолдо калсын!", "Кайсы жерде жүргөндөрүн унутуп калышкан го. Милиция кармап кетсе отурушат анан", "Жүрөктү түшүргөндөр десе", "Эмне деген обу жоктук" деген өңдүү пикирлерин калтырышкан.
Интернетке 6 баланын турган жеринен кулап түшкөн видеосу жарыяланды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Шерменде, озунор эле эмес бизди дагы уят кылып жатасынар.
6 баланын акылынын тайкылыгы 1дагы эмес.