super.kg logo

Аксыдагы Дейрес-Сай айылында чек арада кайрадан жер талаш

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес-Сай айылындагы чек арада өзбек тараптын чек арачылары Кыргыз өлкөсүнүн жерине 15 метрдей кирип кеткенин аталган айылдын тургуну Исламбек Акбаров SUPER.KG порталына билдирди.

"Буга чейин деле бул жер талаш болуп келген. Анан эки тарап жолугуп, чек ара ошол жердеги жолдун кыры менен кетмей болгон. Кечээ 10-февралда өзбек тараптан чек арачылар келип мурдагы келишимди бузуп, биз жакка 15 метрдей кирип кеткен. Ошол үчүн жергиликтүү тургундар каршылык көрсөттү. Жетекчиңерди чакыргыла десек, алар жок деп баш тартышты. Биздин чек ара заставанын башчысын тоготпой коюшту. Анан айыл тургундары көбөйүп кеткен соң өзбек тараптын чек арачылары кетүүгө мажбур болушту. Азыркы учурда абал туруктуу. Кайра бүгүн келишкен жок. Өзбекстан тарап мамы орнотуу үчүн казган чуңкурларды толтуруп койдук",- дейт Акбаров.

Аталган маселе боюнча мамлекеттик чек ара кызматына маалымат алуу үчүн чалып, бирок байланыша алган жокпуз.






Аксыдагы Дейрес-Сай айылында чек арада чыр

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: