super.kg logo

Мындан 6 жыл мурун уурдалган 13 түрк жаранын террорчулар өлтүргөнү аныкталды

 
Түркия бийлиги 2015-жылы күрт козголоңчулар уурдап кеткен 13 түрк жаранынын сөөгү Ирактын түндүгүнөн табылганын жарыялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коргоо министри Хулуси Акарга таянып, түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, маркумдардын сөөгү террорчу уюм деп табылган Күрт жумушчу партиясынын жоочуларына каршы аскердик жортуулдун жүрүшүндө үңкүрдөн табылган.

"Каза болгон 10 адамдын аты-жөнү тастыкталды, дагы үч кишинин ким экендиги такталууда. Сөөктү текшерүү маалында куралсыз түрк жарандарынын 12си башка атып өлтүрүлгөнү, бирөө далысына ок тийип набыт кеткени аныкталды",- деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: