super.kg logo

Мьянмада интернет толугу менен өчүрүлдү

 

Аскер бийлигине каршы уюштурулган нааразычылык акцияларынан кийин Мьянмада интернет дээрлик үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө түнкү саат 1:00 чамасында интернет толугу менен өчүрүлүп, тармакка кирүү ылдамдыгы адаттагыдан 14 пайызга чейин төмөндөгөн.

БУУнун Мьянмадагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Томас Эндрюс Твиттердеги баракчасына "түнкү рейддер күчөдү, кармалгандардын саны өсүүдө" деп жазып чыкты. "Барган сайын адам укуктары бузулган окуялар көбөйдү, аскер колонналары калктуу конуштарга кирип жатат. Интернеттин өчүрүлүшү да буга кошумча болду", - деп жазды ал.

1-февралда Мьянмада бийлигин аскерлер көзөмөлгө алып, өлкө көп партиялуу демократиялык системге өткөндүгүн жарыялаган. Аскер бийлиги өлкө боюнча бир жылга киргизилген өзгөчө кырдаал аяктагандан кийин шайлоо өткөрүүнү убада кылышкан. 1-февралдын таңында кармалган "Демократия үчүн улуттук лига" партиясынын депутаттары 3-5-февралда бошотулган. Бирок өкмөт лидерлери, анын ичинде Мьянманын тактан түшүрүлгөн президенти У Вин Минт жана Улуттук коопсуздук кеңешинин лидери, Мамлекеттик кеңешчи Аун Сан Су Чжи үй камагында калган.

Ошол эле учурда Мьянмада массалык нааразычылыктар уланууда. Алар аскердик бийликти демократиялык жол менен шайланган өкмөткө кайтарып берүүнү, 2020-жылы 8-ноябрда шайланган парламенттин биринчи сессиясын чакырууну жана камакка алынган лидерлерди токтоосуз бошотууну талап кылышууда. Өлкөдө доктурлар, мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер жана жеке ишканалардын кызматкерлери аскердик бийликтин келишине каршы нааразычылыгын билдирип, иш ташташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.02.2021. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул аскерий бийлигин кетирбесе алардын ичиндеги мусулмандарга дагы залалын тийгизгенин 2.3 жыл мурун корбодукпу? Значить мусулман эмес жөнөкөй карапайым калкы да каршы аскердик бийлигине.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: