super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму AstraZeneca вакцинасын колдонууга уруксат берди

 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму швед-британиялык AstraZeneca компаниясынын вакцинасын колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу уюмдун башчысы Тедрос Адан Гебресиес маалымат жыйын учурунда билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, вакцинанын варианттарынын бирин Түштүк Кореянын SKBio компаниясы, экинчисин Индиянын Серум Институту чыгарат. Эки компания бир эле дарыны өндүрүшөт, бирок алар ар башка өндүрүш каражаттарын колдонушкандыктан, өз-өзүнчө текшерүүгө алынышы керек.

Буга чейин Испания менен Түштүк Корея AstraZeneca вакцинасын колдонуудан баш тартканы белгилүү болгон. Түштүк Африкада да AstraZeneca вакцинасына байланышкан көйгөй чыкты. Илимпоздор вакцинаны ал жерде кеңири жайылган вирус штаммына каршы натыйжалуу экендигинен күмөн санап, дары кайрадан изилдениши керек деген бүтүм чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: