super.kg logo

Жайылда эки аял ортосунда кызганычтан улам чыр чыгып, бири ооруканага жеткирилди

 

Чүйдүн Жайыл районунда милиция кызматкерлери тарабынан ден соолукка оор зыян келтирүү фактысына шектүү аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2020-жылдын ноябрь айында Жайыл РИИБине арыз менен 1980-жылы туулган Ставрополовка айылынын тургуну кайрылган. Себеби анын 1986-жылы туулган Б.А. аттуу карындашын белгисиз адамдар ур-токмокко алып, андан соң суунун жээгине таштап кеткендигин билдирген. Окуядан кийин карындашы ар кандай жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин негизинде бул ишке шектүү катары мурда оор кылмыш менен соттолгон 1968-жылы туулган У.В. аттуу аял кармалган.

Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Алдын-ала маалыматтарга караганда, кылмыш эки аял мас абалында кызганычтан улам уруша кетишкенинен улам келип чыккан. Учурда тергөө амалдары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: