super.kg logo

Караколдо жарандарды коркутуп, үйлөрүнө чейин кирип барып телефондорун тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды

 

Ысык-Көл ОИИБинин Каракол шаарында жарандарды коркутуп, үйлөрүнө чейин кирип барып телефонун уурдап жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында жана февраль айынын башында облустун борбору Каракол шаарында телефон тоноп жүргөн учурлар катталган. Шаардык милицияга кайрылган жабырлануучунун бири белгисиз эки бала үйүнө киришип, аны коркутуп, күч менен уюлдук телефонун тартып алышканын билдирген. Ал эми кийинки жабырланычуунун жумушуна келип зомбулук көрсөтүп телефонун алып кетишкенин айткан.

Кийинчерээк Каракол ШИИБине кайрылган жабырлануучу, белгисиз 2 киши үйүнө кирип, денесине залал келтирип, акча каражаттарын доолашканын жана андай акча каражаты жабырлануучуда жок экендигин билишкенде милицияга кайрылсаӊ, өмүрүнө коркунуч келтиребиз деп коркутуп кетишкен.

Аталган фактылар Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектүүлөр кармалган. Алар Каракол шаарынын тургундары 20 жаштагы Т.И. жана 19 жаштагы К.Д. Алгачкы жүргүзүлгөн суракта шектүү катары кармалгандар өздөрүнүн күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышкан.

Каракол шаардык соту алардын баш коргоо чарасын карап камакка алган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүүлөрдүн башка ушул өндүү кылмыштарга тиешестиги бар же жоктугу текшерилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: