super.kg logo
  Саясат  

Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария отставкага кетти

 

Бүгүн, 18-февралда Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария атайын брифингде кызматтан кеткенин жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, премьер-министр кызматтан кетүүгө бийликтеги партия менен Бириккен улуттук кыймыл оппозициялык партиясынын башчысы Никанор Мелиянын соту боюнча пикир келишпестик себеп болгонун белгиледи.

Бир күн мурун Тбилиси шаардык соту 2019-жылдагы башаламандыктар боюнча Мелияны сыртынан камакка алган. Оппозициялык партиянын кеңсесинин жанына бардык оппозициялык күчтөрдүн колдоочулары чогулушту. Алар Мелиянын камалышына жол бербейбиз деп убада кылып, ошол жерде түнү бою нөөмөттө турушкан. 18-февралда эртең менен партиянын кеңсесине Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү келишти. Бирок Мелия өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: