super.kg logo

Садыр Жапаров: "Кыргыз өлкөсү үчүн Орусиянын орду жөнүндөгү маселе теориялык эмес, практикалык мүнөздө экендигин белгилегим келет"

 

Президент Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын элдерин бириктирип турган байланыштар тууралуу айтты. Бул тууралуу ал "Слово Кыргызстана" гезитине макаласын жарыялады.

"Кыргыз мамлекети үчүн Орусиянын орду жана ролу жөнүндөгү маселе теориялык эмес, практикалык мүнөздө экендигин баса белгилегим келет. Тыгыз кызматташуу кызыкчылыгы негизинен биздин улуттук кызыкчылыктарга багытталат. Алар, маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын мындан ары чыңдоо, коопсуздукту камсыз кылуу, улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты сактоо, өлкөдөгү руханий жана гуманитардык тармактардын өнүгүшүнө түрткү берүү менен байланыштуу.

Тарыхта Кыргыз-Орус элдеринин ортосундагы мамилелерде эч качан бири-биринен алыстап кетүүгө өбөлгө түзгөн көйгөйлөр жаралган эмес. Орусия менен болгон алакаларды союздук жана стратегиялык өнөктөштүктүн эң жогорку деңгээлине жеткирүү багыты Кыргыз өлкөсүнүн улуттук кызыкчылыктарына жооп берет. Кызматташтыкты чыңдоонун башка бир жолу жок экендигине ишенебиз жана республиканын тышкы саясатында бул багыт негизги орунду ээлейт.

Орусия өзүнүн кубаттуулугу жана интеграциялык долбоорлору менен мамлекеттик чек арасын бойлото тынчтыкты камсыз кылып, айланасында жигердүү өнүгүп жаткан аймакты түптөөдө.

Алдыда боло турган иш сапар биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем", - дейт Садыр Жапаров.






Баткенде күйөөм сабады деген келин милицияга кайрылды

Автор: Жылдыз Джускембаева
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: