Ош облусунда этти кайра иштетүүчү завод ачылат (сүрөт)










Кара-Суу районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин балансында турган мекеме этти кайра иштетүүчү ири ишкана катары ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, долбоордо бул аймакта консерванттар үчүн айнек банка, бөтөлкө, капкак жасоочу бөлүмдөр да каралган. Долбоорду Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов иштеп чыккан. Мындан сырткары ал универсалдуу трикотаж өндүрүү фабрикасы, электромобилдик сервис борбору катары колдонуу боюнча сунуштарын берген.
"Бул ишкана айыл өкмөтүнүн балансында гана болот, салыкты жергиликтүү бюджетке төлөйт. 500дөй жаранга жумуш орду түзүлүү болжолдонгон. Ал үчүн жергиликтүү ишкерлер жеке салымы менен инвестор катары акциянын ээси болууга шарттар каралган.
"Биз 1970- жылдардагы Кыргызстандын эти деген брендди кайтарабыз. Кезинде РФ да биздин мамлекетте өндүрүлгөн эт консервалары өтө чоң суроо-талап менен алынып турган.
Кара-Суу районунун аймагында 3 заманбап мал союучу ишканалар курулуп жатат. Ошолордун сыръесу бул жерде даяр продукция катары экспортко чыгарылат", - деди Жарасул Абдураимов тийиштүү тармак жетекчилеринин катышуусунда жеринде өткөн жыйында. Азыр имараттын экологиялык бүтүмдөрү даярдалууда", - дешти мекемеден.
Баткенде күйөөм сабады деген келин милицияга кайрылды

Же пайдаланылып буткон эттен жасалабы экен..