super.kg logo

Садыр Жапаров: "Кыргыздын көрүнүктүү илимпоздорунун баары Москва жана Ленинграддын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү"

 

Кыргыздын көрүнүктүү илимпоздору, искусство жана маданият ишмерлеринин баары Москва жана Ленинграддын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Слово Кыргызстана" гезитине берген макаласында жарыяланган.

"Кыргыз өлкөсү менен Орусия элдеринин кылымдардан берки маданий жана тарыхый байланыштарында жалпылыктар көп.

19-кылымда кыргыздардын Орусияга кошулуусу бир эл болуп биригүүгө өбөлгө болуп, анын андан ары өнүгүшүнүн багытын түптөгөн.

Улуу Октябрь революциясы дээрлик жоголуп бараткан кыргыз жазмасын жаңыдан түзүүгө чоң түрткү берди. Академиктер К.Юдахин, К.Скрябин, М.Лущихин жана башкалар сыяктуу орус окумуштууларынын бүтүндөй бир тобу илим жана билимдин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошушкан. Бул жаңы маданий жана тарыхый бир топтун - кыргыз интеллигенциясынын пайда болушун шарттады. Кыргыздын көрүнүктүү илимпоздору, искусство жана маданият ишмерлеринин баары Москва жана Ленинграддын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү. Орусиянын жардамы менен бир тууган союздук республикалардын алкагында улуттук мамлекеттүүлүктүн негиздери бышып жетилди", - дейт Садыр Жапаров.






Баткенде күйөөм сабады деген келин милицияга кайрылды

Автор: Жылдыз Джускембаева
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: